Жаңылыктар

30.07.2024 11:32

   Кароолор: 1039

КОНДИЦИОНЕРДИ ИШТЕГЕН АБАЛДА КАЛТЫРБАҢЫЗ

Учурда турак үйлөрдөгү өрт кырсыгынын бирден бир себеби кондиционер болууда. ӨКМ кондиционерди колдонууда бир нече эрежелерди сактоо абдан маанилүү экенин эскертет!

❌Механизмдин ичинде өрт чыгышына жол бербөө үчүн абанын жакшы айлануусу маанилүү. Желдетүүчү түтүктөрдү тосууга болбойт. Кондиционердин өзү эч качан чүпүрөк же башка күйүүчү материалдар менен жабылбашы керек . Суу жана чаңдын агрегаттын ичине кирбеши үчүн эрежелерди так сактоого чакырабыз.

❌Тышкы блок ысык абаны бөлүп чыгарат ошондуктан анын жанына күйүүчү материалдарды коюуга жана үстүнө ар кандай нерселерди жабып кургатууга тыюу салынат.

❌Кондиционерди орнотууда бөлмөдөгү зымдар аппараттын кубаттуулугуна дал келиши абдан маанилүү. Аппараттын зымы буралып, кысып же өтө катуу болбошу керек. Ал түздөн-түз розеткага туташтырылышы керек. Зымдын абалын көзөмөлдөө абдан маанилүү жана убагында маани берилбесе терс таасирин тийгизиши толук ыктымал.Кондиционердеги атайын фильтрди жок дегенде бир айда бир жолу тазалап туруу зарыл.

❌Шайманды розеткадан сууруп алуудан мурун башкаруу пультун колдонуу менен анын иштешин токтотуу керек.

Көпчүлүк кондиционерлерди узак убакытка толук кубаттуулукта калтырууга болбойт. Ар бир 1,5-2 саат сайын тыныгуу талапка ылайык. Ошондой эле түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбаңыз!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу