Жаңылыктар
02.06.2025 09:43
Кароолор: 153
КОМСОМОЛ ЧОКУСУНАН БУТУН ООРУТУП АЛГАН ЖАРАНДЫ КУТКАРУУЧУЛАР ТҮШҮРҮШТҮ
Кечээ, 1-июнь күнү "Ала-Арча" жаратылыш паркында 35 жаштагы жаран Комсомол чокусуна жүрүш жасап, кайра келе жатканда бутун оорутуп алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары ыкчам аракетте жабырлануучуга өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан ары коопсуз аймакка эвакуациялап, алып түшүшкөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР