Жаңылыктар

19.09.2024 19:32

   Кароолор: 394

КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУ 2 ДАРЕКТЕ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Бишкек шаарынын 2024-жылга карата бекитилген Жарандык коргонуунун башчысы, мэрдин планына ылайык, айттырбай келген табигый кырсыктын кесепеттерине чалгындоо жүргүзүү менен баалоо, аны жоюуда ыкчам жана сапаттуу ишти уюштурууга багытталган машыгуу атайы сценарийдин негизинде өттү.

Командалык-штабдык машыгуунун практикасы И.Абдраимов атындагы Кыргыз Авиациялык институтунда жана “Кока-Кола” компаниясында жүргүзүлүп, анда куткаруучулардын жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлеринин айттырбай келген кырсыкка күжүрмөн даярдыгы текшерилди.

Аталган иш-чарага ӨКМден 5 техника, 50 куткаруучу тартылды. Мындан сырткары ЖК кызматтарынан 95 кызматкер, 9 атайын техника, Кызыл Жарым Ай коомунан бир бригада 2 унаасы менен катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу