Жаңылыктар
14.12.2023 13:44
Кароолор: 334
КӨЛДӨГҮ БАЛЫКТАР ТУКУМ КУРУТ БОЛУУДА. БРАКОНЬЕРЛЕР КАЧАН ЖОК БОЛОТ?
Кыш мезгили келери менен Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз балык кармоо иштери жанданууда. Мындан улам көлдүн экологиялык туруктуулугун сактоо жана балыктардын көбөйүүсүн камсыздоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары атайын рейддерди уюштуруп, түнкүсүн торго илинген балыктарды сактап калуу аракетин көрүүдө. Кызматкерлердин айтымында 2 сааттын ичинде эле көлдөн 500 метр тор табылып, жүздөгөн балыктар коё берилген.
"Регион" телеканалы
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР