Жаңылыктар
24.08.2025 20:31
Кароолор: 242
КӨЛДӨ ШАМАЛ АГЫЗЫП КЕТКЕН 4 ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы пансионаттарынын биринде желим кайык менен жүргөн 4 адамды шамалдан улам толкун агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө Ысык-Көл райондук №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 4 куткаруучусу 1 моторлуу кайык менен барып, аман-эсен куткарып калышты. Аталган жарандардын абалдары туруктуу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР Ысык-Көл башкармалыгы