Жаңылыктар
21.07.2025 16:56
Кароолор: 34
КӨЛДӨ ЭС АЛУУДА ЭРЕЖЕГЕ ТАК БОЛУҢУЗ!
Ысык-Көлдө куткаруучулар күн сайын суу коопсуздук эрежелерин күчөтүлгөн тартипте эскертип жатышат. Алар көл жээгин жана суунун акваториясын атайы катерлер менен кыдыруу менен эс алуучулардын кооптуу жерлерге сүзүп баруусуна тыюу салып, көзөмөлгө алышууда. Анткени менен куткаруучулардын бул аракетине анчейин маани бербеген жарандар да жок эмес. Биз облустун Балыкчы шаарындагы "Green Sity" пансионатына барып, айрым жагдайларга өз көзүбүз менен күбө болдук.
Балыкчы шаарындагы №19 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн биринчи кароолунун команда башчысы, прапорщик Аскат Маратов көл жээгинде кичинекей балдар кароосуз калып, өспүрүмдөр коопсуздук эрежелерине маани бербегенин айтты.
Белгилей кетсек учурда ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы шаардык, райондук кызматкерлери ИИМдин Туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте коопсуздук иш чараларын жигердүү жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР