Жаңылыктар
17.05.2025 14:12
Кароолор: 194
КӨЛ ЖЭЭГИНЕН ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТЕЛДИ
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда Тору-Айгыр, Чырпыкты айылдарынын аралыгындагы көл жээкте чычырканактан өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:48де жергиликтүү өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлгөн.
Өрт саат 12:52де чектөөгө алынып, Өрттүн жалпы аянты болжол менен 4 га түзөт. Учурда КР ӨКМнен 2 бөлүм, 8 куткаруучу, токой чарбасынан 10 кызматкер, а/а 20 кызматкер, 1 жүктөгүч жана "Асман" курулуш ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР