Жаңылыктар
12.08.2026 12:57
Кароолор: 298
КӨЛ-ТӨР КӨЛҮНҮН ТАШЫП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУ ЖОЮЛДУ
Чүй районунун Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүнүн жырылып кетүү коркунучун жоюу максатында атайы ыкчам топ жеринде болуп, кырдаалды алдын алуу иш аракеттери көрүлдү.
Көл-Төр көлүндө жүргүзүлүп жаткан иштерге ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Кыргызгидрометтин директору жана Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери жана жалпы 41 куткаруучу тартылды. Ыкчам топ тарабынан көлдүн абалын көзөмөлдөө жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүдү.
Куткаруучулар тарабынан көлдөн сууну агызуу максатында жалпы узундугу 204 метр болгон сифондук түтүкчөлөр орнотулуп, көлдөгү суунун көлөмүн азайтуу боюнча иш-чаралар аткарылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асановдун жетекчилигинде Чүй облустук жергиликтүү бийлиги менен бирге көлдүн абалына байкоо жүргүзүлүп, өз учурунда калыбына келтирүү боюнча так милдеттер коюлган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ