Жаңылыктар
18.04.2024 13:56
Кароолор: 313
КӨЛ АСТЫНАН 2585 кг ТАШТАНДЫ, 18900 метр ТОР ЧЫГАРЫЛДЫ
Көгүлтүр көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши ӨКМдин суучулдары тарабынан жигердүү уланууда.
Учурда Ысык-Көлдүн Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан баштап 17-апрелге чейин 2585 кг таштанды, 18900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Белгилей кетсек Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде ишке ашууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР