Жаңылыктар
26.10.2025 20:36
Кароолор: 55
“КӨК-САЙ” БАЗАРЫНАН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкек шаарынын “Көк-Сай” базарынан чыккан өрт саат 20:16да өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, базардын тактайлар сатылчу тилкесинен өрт чыгып, ӨКМдин 5 күжүрмөн эсеби жана штаб өрт өчүрүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР