Жаңылыктар
08.06.2024 10:21
Кароолор: 466
KOICA ПРЕЗИДЕНТИ ЧОЛПОН-АТАДА САЛЫНГАН ЗАМАНБАП ӨККБнын ИМАРАТЫНА БАРДЫ
Бүгүн, 8-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №31 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнө “KOICA” - Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин Президенти Чанг Вон Сам иш сапары менен келди.
Кадырлуу меймандарды ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Мирлан Карабаев баштаган куткаруучулар тосуп алышты.
Өз сөзүндө башкармалыктын башчысы:" жаңы курулган ӨККБлар, техникалык толуктоолор Кыргызстан-Корея мамлекеттеринин ортосундагы ынак достукта негизделген тыгыз кызматташтыктын натыйжалуу жемиши экенин баса белгилеп өттү.
КОICA Президенти Чанг Вон Сам меймандос кыргыз эли, анын ичинде куткаруучулардын өзгөчө жылуу маанайда тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тараптардын кызматташуусу мындан ары да жогорку динамикага ээ болоруна ишеним арты.
Белгилей кетсек Кыргызстандын өрт куткаруу кызматынын потенциалын жогорулатуу максатында ӨКМ, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Кореянын "КОlCA" Эл аралык кызматташтык агенттигинин кызматташуусунун алкагында 8 млн АКШ долларын түзгөн долбоор ишке ашкан. Долбоордун алкагында Корея өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен өлкөдө 4 заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгү Ош шаарында, Сузакта жана Чолпон-Ата шаарында салынып бүтүп, учурда төртүнчү ӨККБнын имаратынын курулушу Бишкек шаарында жүрүүдө. Мындан сырткары 4 өрт өчүрүүчү, 4 Авариялык куткаруу унаасы шаймандары менен берилген.
Ал эми Чолпон-Ата шаарындагы ӨККБнын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи 2023-жылдын 8-декабрь күнү өткөн.
Иш сапардын соңунда өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн короосуна салт катары калыптанган бекем достуктун жана тыгыз кызматташуунун символу катары көчөт отургузулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР