Жаңылыктар
04.07.2026 19:50
Кароолор: 9
КОЧКОРДОГУ АНГИ-САЙ СУУСУНУН ТАШЫП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУ ЖОЮЛУУДА
Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылынын баш жагындагы Анги-Сай суусунда суунун көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
ӨКМдин каз тамандуу экскаваторунун жардамы менен суунун нугу экиге бөлүнүп, натыйжада суунун агымы азайтылууда.
Жүргүзүлүп жаткан иштер менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов жеринен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
Учурда абал көзөмөлдө болуп, суунун агымын жөнгө салуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер улантылууда.