Жаңылыктар

03.09.2024 12:55

   Кароолор: 1113

КМШга МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН МАМЛЕКЕТТИК МАТЕРИАЛДЫК РЕЗЕРВДЕР ОРГАНДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН XX ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

3-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШга) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик материалдык резервдерди башкарууну жүзөгө ашыруучу (аткаруу) органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин XX отуруму башталды.

​Отурумга Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия Федерациясы жана Таджикистандын мамлекеттик материалдык резервдер органдарынын жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышууда. Кеңешме Кыргызстандын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчиси Базарбай Мусабековдун төрагалыгында өтүүдө.

​Консультативдик кеңеште Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор У.Шамырканов матрезервдин табигый жана техногендик кырсыктардан, социалдык , экономикалык факторлордун таасиринен, тышкы конъюнктурадан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдарда калкты өз убагында коргоодо, ошондой эле согуш абалында улуттук экономиканын иштешин камсыз кылууда жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ​жыйындын жүрүшүндө КМШнын Башкы катчысы С.Н.Лебедевдин куттуктоосу жеткирилди.

​Консультативдик жыйында 2030-жылга чейинки КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик материалдык резервдерди башкарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик (аткаруу) бийлик органдарынын жетекчилеринин кызматташуу концепциясынын жобосу жана аны ишке ашыруучу негизги иш-чаралар планын аткарууну, ошондой эле мындан ары кызматташууну улантуу боюнча протоколдук чечим кабыл алынды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу