Жаңылыктар

20.11.2023 18:03

   Кароолор: 322

КМШга МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН АНТИТЕРРОРДУК БОРБОРУНУН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

2023-жылдын жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өткөн “Евразия-Антитеррор – 2023” машыгуусунда жогорку даярдыгын жана жигердүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Антитеррордук борборунун “Памятная медалы” Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылды. Ошондой эле борбордун сыймыктуу “За отличие в учении” медалы ӨКМдин бир катар кызматкерлерине берилди.

Ага катар машыгууда мыктылыгын көрсөткөн кызматкерлер КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 100 жыл” юбилейлик, “Кызматташтык үчүн” медалы жана ардак грамотасы менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КМШга мүчө-мамлекеттердин Антитеррордук борборунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин колдоосунда КМШга мүчө жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Компетенттүү органдарынын “Евразия-Антитеррор – 2023” антитеррордук машыгуусу өтүп, тийиштүү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери террористтик топторго каршы атайын операция жүргүзүшкөн.

Террористтерге каршы операциянын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы күч каражаттары, тагыраагы 8 атайын авто техника, бир тик учак жана 50дөй куткаруучу тартылган.

Аталган машыгууга КМШга мүчө 11 мамлекеттин жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары – Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы катышкан.

Мындан сырткары Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУга) мүчө-мамлекеттердин Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешип өткөргөн “Бузулбас боордоштук-2023” машыгуусуна жигердүү катышкан министрликтин кызматкерлери КР Ички иштер министрлигинин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы жана ардак грамоталары менен сыйланышты.

Эске салсак, 9-13-октябрь аралыгында Кыргызстанда Коргоо министрлигинин "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунун базасында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин - Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтыкты сактоочу жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусу өткөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу