Жаңылыктар
14.04.2025 18:29
Кароолор: 123
КЛИМАТТЫК ИНВЕСТИЦИЯНЫН IV ЖЫЙЫНЫНДА КӨМҮРТЕКТИ СИҢИРҮҮ ЖОЛДОРУ КАРАЛДЫ
Өткөн аптада ӨКМдин Токой кызматынын эл аралык уюмдар менен биргеликте «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы – CS FOR» долбоорунун Улуттук байкоочу комитетинин төртүнчү жыйынын өткөрдү.
Бул иш-чара "Жашыл климаттык" фонд тарабынан каржыланып, ФАО, Токой кызматы, АРИС жана Россия – Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан ишке ашырылууда.
Жыйынга мамлекеттик органдар, илимий мекемелер, эл аралык уюмдар жана максаттуу райондордун өкүлдөрү катышты. ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев ар тармактуу өнөктөштүк мүнөзүнө көңүл буруп, бул ыкма туруктуу жыйынтыктарга жетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Анын алкагында 6000 гектар токойду калыбына келтирүү, анын 3440 гектарына жаңы көчөттөрдү тигип, жайыттарды башкарууну жакшыртуу, климатка сезгич кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү аркылуу көмүртекти сиңирүү потенциалын жогорулатуу каралган.
“Бул жылы планга ылайык Сузак, Тогуз-Торо, Ак-Талаа жана Өзгөн районундагы мамлекеттик токой фондусунун жана муниципалдык жалпы 172 гектар аянтка даярдыктар көрүлүп, токой жана жемиш бактарын отургузуу иш-аракеттери башталды,” - деди Токой кызматынын директорунун орун басары, долбоордун улуттук координатору Айбек Байдалиев.
Жыйындын соңунда 2025-жылга карата иш пландар бекитилип, бардык тараптар кызматташууга даяр экенин билдиришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР