Жаңылыктар
25.02.2025 11:37
Кароолор: 784
❗️К.КӨЛБАЕВ ТУННЕЛИНДЕ ЭКИ ТАРАПТУУ КАТТАМ АЧЫЛДЫ
Тоннелдин кызматкерлери аба тазалоочу вентиляторду чечип, оңдоого алып кетишкен. Ал эми куткаруучулар тоннелдин ичиндеги газды текшеришип, аба көрсөткүчү нормада экенин аныктап чыгышты. Саат 10:34дө жол каттамы эки тараптуу ачылып, унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.
Буга чейин маалым болгондой, бүгүн Чүй облусунун Жайыл району алдын ала маалымат боюнча, Бишкек– Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде (Төө-Ашуу ашуусу) саат 09:13дө "VOLVO" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан.
Мындан улам тоннель эки тараптуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылып, жерине саат 09:16да Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында нөөмөттө турган КР ӨКМдин ТКККнын 6-ӨМТККВдан 2 куткаруучу жана тоннелдин кызматкерлери тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР