Жаңылыктар
25.02.2025 18:04
Кароолор: 1380
К.КӨЛБАЕВ ТОННЕЛИ ЭКИ ТАРАПТУУ АЧЫЛДЫ
Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы тоннелинде саат 17:15те оңдоо иштери аяктап, эки тараптуу ачылды.
Белгилей кетсек, бүгүн тоннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, каттоого кооптуулук жараткан. Аны оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу саат 16:00дө убактылуу жабылган.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР