Жаңылыктар

06.12.2023 11:06

   Кароолор: 720

КИЙИМ ТИГҮҮЧҮ ЦЕХТЕН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ

Келечек конушундагы кийим тигүүчү цехтен чыккан өрт саат 10:22де толук өчүрүлдү.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Келечек конушунда жайгашкан кийим тигүүчү цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 3 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылган.

Бактыга жараша өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Ал эми тилсиз жоо кучагына алган аянт болжол менен 250 чарчы метрди түздү.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=743773641128698&id=100064882052590&mibextid=2JQ9oc

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу