Жаңылыктар
06.06.2026 11:20
Кароолор: 14
KG RESILAND: ДАМБАЛАРДЫ КУРУУ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА ОБЪЕКТТЕРДИ ДАЯРДОО ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ
«Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» долбоорунун, RESILAND CA+ программасынын (KG RESILAND) алкагында долбоордун адистери сел жана суу ташкыны коркунучтарынан коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу пландаштырылган объекттерди баалоо максатында Ош жана Жалал-Абад облустарында көчмө текшерүү жүргүзүштү.
Жумушчу топтун курамына ӨКМдин “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматынын райондук жана облустук өкүлдөрү, ошондой эле гидротехник-инженер, экологиялык жана социалдык маселелер боюнча адистер кирди. Иш сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Араван жана Алай райондорундагы таш карьерлери текшерилди. Адистер карьерлердин Дүйнөлүк банктын экологиялык жана социалдык талаптарына шайкештигин баалап, коргоочу курулмаларды куруу үчүн зарыл болгон таш материалдарынын көлөмүн, жайгашуусун жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн техникалык жактан изилдешти.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы Кара-Үңкүр-Сай дарыясынын жээгинде жайгашкан дамбаларды куруу жана калыбына келтирүү пландаштырылган участоктор да каралды. Иштер Сейдикум, Арал жана Сакалды айыл аймактарында жүргүзүлдү.
Мындай текшерүүлөр - KG RESILAND долбоорунун алкагындагы инженердик чечимдерди даярдоонун маанилүү баскычы. Жеринде адистер келечектеги иштердин техникалык параметрлерин аныктап, мүмкүн болуучу экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди баалап, коопсуздук жана туруктуулук талаптарына жооп берген материалдарды тандашат.
KG RESILAND долбоору КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып, климаттык тобокелдиктерди азайтууга, ландшафттарды калыбына келтирүүгө жана аймактардын өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун жогорулатууга багытталган.