Жаңылыктар

15.08.2026 15:23

   Кароолор: 28

КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУГА КЕЛГЕН ЧЕК ЭЛДИК СУУЧУЛДАР ӨЗ ӨЛКӨСҮНӨ ИЙГИЛИКТҮҮ КАЙТЫШТЫ

Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун алкагында Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда өткөн суучулдардын XIII эл аралык окутуу тренинги ийгиликтүү аяктады.

Эки апталык окутуу тренинги расмий жыйынтыкталып, сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу аземи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Суучулдар борборунда өткөрүлдү.

Берметибиз болгон Ысык-Көлдө өткөн окуу тренингинде чет өлкөлүк суучулдар заманбап ыкмаларды үйрөнүп, тажрыйбаларын бекемдеп, кесиптик ишмердүүлүгүнө бир топ пайдаларды алышканын айтышты.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай окуу тренингдерди 2012-жылдан бери жыл сайын өткөрүүгө шарт түзүп келет. Быйыл 13 мамлекеттен келген суучулдар кесиптик чеберчилигин чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу