Жаңылыктар
27.08.2025 21:58
Кароолор: 359
КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУГА КЕЛГЕН ЧЕК ЭЛДИК КУТКАРУУЧУЛАР ӨЗ ӨЛКӨСҮНӨ ИЙГИЛИКТҮҮ КАЙТЫШТЫ
Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун (ЭЖКУ) алкагында Кыргыз мамлекетинде өтүүчү бийик тоолордон куткарууга даярдоо боюнча XI эл аралык окутуу курсу ийгиликтүү аяктады.
Эки апталык окутуу тренинги расмий жыйынтыкталып, сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу аземи министрдин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун катышуусунда Аламүдүн районундагы Татыр айылында өткөрүлдү.
Урматбек Шамырканов тоо куткаруучуларын куттуктап жатып, бийик тоолуу Кыргызстанда машыгуу менен заманбап ыкмаларды үйрөнүп, тажрыйбаларын бекемдеп, өз өлкөсүнө жаңы тактика, жаңы таасилер менен жөнөп жатышканын белгилеп, кесиптик ишмердүүлүгүнө бир топ пайдаларды алышты, деген ишеничин билдирди.
“Египет сыяктуу бийик тоолору жок өлкөлөрдөн келген куткаруучуларды машыктырууда, алардын коопсуздугу биринчи орунда турду. Келгенден баштап кеткенге чейин жогорку деңгээлде тажрыйба топтоп, алардын тактикаларын жергиликтүү куткаруучулар менен бөлүшүп, эки тараптуу пайдалуу өткөргөнгө аракеттер көрүлдү”, - деди генерал-майор.
Ошондой эле ал ЭЖКУга окутуу тренингинин уставына бийик тоолордон куткаруу үчүн жогорку тажрыйбалуу альпинисттерди даярдоо боюнча жаңы методикаларды киргизүү сунушталып жатканын кошумчалады.
Чет элдик кесиптештер Кыргызстандагы такшалуу курстары абдан жигердүү, кызыктуу жана жогорку уюшкандыкта өткөрүлгөндүгүн айтып, кооздугуна, элинин меймандостугуна суктанышты.
Маалымат катары айта кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай курстарды 2012-жылдан бери жыл сайын өткөрүүгө шарт түзүп келет. Быйыл 11 мамлекеттен келген куткаруучулар кесиптик чеберчилигин чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР