Жаңылыктар
03.12.2024 11:12
Кароолор: 454
КЕМИНДЕ ЖАЙЛООГО КЕТИП ДАЙЫНСЫЗ БОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ УЛАНУУДА
Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп аткан тургунду издөө ишине бүгүн, 3-декабрда Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жалпы 7 адам тартылды.
Белгилей кетсек, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адам 29-ноябрь күнү жайлоого сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген.
Бул боюнча маалымат 102 кызматына 1-декабрда түшкөн, ал эми ИИМ кызматкерлери тарабынан ӨКМге 2-декабрда кайрылуу болуп, кечээ жалпы 46 адам издөө ишин жүргүзүшкөн.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР