Жаңылыктар

10.06.2024 19:19

   Кароолор: 91

КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИНЕ "АЧЫК ЭШИК КҮНҮ" ӨТТҮ

Бүгүн, 10-июнда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Свердлов райондук №3 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө борбордогу жеке билим берүү мектебинин окуучулары үчүн " Ачык эшик күнү" өткөрүлдү.

Келечек ээлери өрт өчүрүүчүлөрдүн иш күнү, унаалар, куткаруу шаймандары, кийимдери менен таанышып чыгышты.

Ошондой эле окуучулар өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат алышып, андан тышкары музейге экскурсия уюштурулду.

Ачык эшик күнүнө жалпы 47 окуучу жана 5 мугалим катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу