Жаңылыктар

06.12.2023 11:38

   Кароолор: 293

КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИ ҮЧҮН ӨРТ-КУТКАРУУ БӨЛҮГҮНДӨ "АЧЫК ЭШИК КҮНҮ" ӨТТҮ

Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук N°5 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө борбордогу Маариф жана Эдисон мектептеринин окуучулары үчүн " Ачык эшик күнү" өткөрүлдү.

Келечек ээлери өрт өчүрүүчүлөрдүн иш күнү, унаалар, куткаруу шаймандары, кийимдери менен таанышып чыгышты. Ошондой эле окуучулар өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат алышып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Ачык эшик күнүө жалпы 73 окуучу жана 5 мугалим катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу