Жаңылыктар

10.05.2024 19:36

   Кароолор: 411

КЕГЕТИ КАПЧЫГАЙЫНДА СУУ ЖУУП КЕТКЕН ЖОЛ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ

Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети капчыгайында тоодон ээриген кар суусу кокту-жылгалар аркылуу түшүп, Кегети суусунун деңгээли көтөрүлгөн.

Суу жайлоого барчу жолдун 150 метр аралыгын жууп кеткен.

Жеринде түзүлгөн кырдаалга ӨКМдин Чүй району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен Чүй — Токмок токой чарбасынын кызматкерлери көзөмөл жүргүзүүдө.

Жол каттамды калыбына келтирүү жана кесепеттерин жоюу үчүн “Азат сервис” ишканасынан 1 жүктөгүч иштеп, жол толугу менен тазаланган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу