Жаңылыктар
30.05.2025 13:18
Кароолор: 294
КДМБнын АСКЕРЛЕРИ “МЫКТЫ ЖООКЕР” СЫНАГЫНДА 3-ОРУНДУ ЖЕҢИП АЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу 73809 аскер бөлүгүнүн базасында КР Куралдуу күчтөрүнүн 33 жылдык мааракесин утурлай “Мыкты жоокер” конкурсу болуп өттү.
Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун, Чек ара кызматынын, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жоокерлери катышты.
Сынактын жүрүшүндө жоокерлер физикалык даярдык, тактикалык иш-аракеттер жана аскердик тартип боюнча күч сынашып, кесипкөйлүгүн, ыкчам аракеттерин, күжүрмөн даярдыгын көрсөтүштү.
Конкурстун жыйынтыгы менен Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун жоокерлери 3-орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө жана мыкты жоокерлерге номинациялар боюнча дипломдор, Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР