Жаңылыктар
07.06.2024 15:26
Кароолор: 217
КДМБда БИШКЕК ШААРДЫК ГАРНИЗОНУНУН ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
КР ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда 6-июнда Бишкек шаардык Гарнизонунун жарым жылдык жыйынтыгы чыгарылды. Аталган иш-чарага Коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов баштаган бир катар өкүлдөр катышты.
Салтанаттуу жыйында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов бул борбордун тарыхына кеңири токтолуп, куткаруучулардын ишмердүүлүгү туурасында конокторго айтып берди.
“Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордо күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен Бишкек шаарынын Гарнизонунун 2024-жылдын жарым жылдагы жыйынтыгын чыгарып жаткандыгы бизди кубандырат. ӨКМдин потенциалы, жетишкендиги менен жеринде таанышып, өз бааңыздарды бересиздер. Мамлекет башчыларынын колдоосу менен министрликтин материалдык базасы жакшырып, иштөө үчүн кеңири шарттар түзүлүп жатат”, - деди полковник Урматбек Шамырканов.
Анын айтымында, КДМБнын ордунда Орто Азия мамлекеттеринин ичинде алгачкылардан болуп, Жарандык коргонуу кызматы түзүлгөн. Бүгүн бул куттуу борбордон мекенчил, баатыр куткаруучулар тапталат. Алардын эмгектерин сыймыктануу менен атай алабыз.
Андан соң Коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө ӨКМдин анын ичинде КДМБнын жетишкендиктерин белгилеп өттү. Акыркы жылдардан бери министрликтеги ири жетишкендиктерге, техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жогорулагандыгына баа берүү менен Куралдуу Күчтөрдүн баарында мындай ийгиликтер жаралып жаткандыгын айтып өттү.
Расмий ачылыштан соң борборго келген коноктор мындагы өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жана ИНСАРАГдын куткаруу шаймандары, жабдыктары менен таанышышты. Буга улай куткаруучулардын тактикалык машыгуусу көрсөтүлдү.
Аскердик тартипте күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкка келтирүүдө кошкон салымы үчүн полковник Урматбек Шамыркановго, подполковник Ырысбек Жолдошбаевге Коргоо министрлигинин “Намыс” медалы ыйгарылды. Ошондой эле үлгүлүү жетишкендиктери үчүн Куралдуу Күчтөрдүн кызматкерлери сыйланышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР