Жаңылыктар
19.01.2025 16:23
Кароолор: 141
КДМБ КУТКАРУУЧУЛАРЫ ТООДО МАШЫГЫШТЫ
ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары өткөн аптада Аламүдүн районунун "Кашка Суу" лыжа базасында машыгышты.
Машыгуу жабыркагандарды куткаруу, жардам көрсөтүү жана кар үстүндө жүрүүчү техникаларды туура колдонуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган.
Мында куткаруучулар оор кырдаалдарда, бийик тоолордо кырсыктаган эс алуучуну, туристтерди куткаруу даярдыгынан өтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР