Жаңылыктар
16.09.2026 11:16
Кароолор: 17
КАЖЫ-САЙДА УРАН ӨНДҮРҮШҮНӨН КАЛГАН ИМАРАТТАР РЕКУЛЬТИВАЦИЯЛАНАТ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон кезектеги иш сапарында Кажы-Сай айылындагы уран өндүрүшүнөн калган имараттарды, шахта жана радиоактивдуу күл төгүндүлөрдү рекультивациялоо учун даярдык жумуштарын жерине барып кабар алды.
Министр Россия Федерациясынын Росатом мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайдын айланасын толугу менен зыянсыздандыруу маселесин талкуулашты.
Белгилей кетсек, 2019-жылы «Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программасынын алкагында Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайда рекультивациялоо жумуштары буткорулгон.
Эми алдыда аймакта совет мезгилиндеги уран ондурушунон калган имараттарды демонтаждоо, радиоактивдуу күл төгүндүлөрду коопсуз жайга кочуруу боюнча иши турат.
Канатбек Чыныбаев бул ишти аткарып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаментинин кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берип, рекультивациялоо ишин сапаттуу жүргүзүүгө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Тоң районундагы Кажы-Сай айылынын тургундарынын коопсуз келечеги жана туризмди өнүктүрүүдө рекультивациялоо жумушу маанилүү болуп саналат.