Жаңылыктар
15.12.2023 13:38
Кароолор: 3719
КАЗАКСТАНДЫН ЖОЛУНДА КАР КҮРТКҮДӨ КАЛГАН УНААЛАРДЫ КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫ ЧЫГАРУУДА
Кыргыз куткаруучулары Казакстандын Кордай районунун Кордай – Отар аралыгы 80 чакырымдык унаа жолунун Кордай ашуусунда карга тыгылып калган жана жолдон чыгып кеткен 3 оор жүк ташуучу, 1 жеңил унааны чыгарышты.
Учурда кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын аткарып, боордош казак элине жардам берип жатышат. Мындан сырткары Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан "Бишкек – Алмата" кафесинде 150 адамга ылайык жылынуучу жай уюштурулду.
Кечиктирилгис куткаруу иштеринен кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР