Жаңылыктар
25.12.2024 21:30
Кароолор: 436
КАЗАКСТАНДАГЫ УЧАК КЫРСЫГЫНАН 38 ЖАРАН КАЗА ТАПТЫ
Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун саат 23:00гө карата берген маалыматына ылайык, учак кырсыгынан борт ичиндеги 67 адамдын 38 каза тапты. Калган 29 жаран анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жаткырылган.
Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.
Маалым болгондой учакта 5 экипаж, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жараны болгон. Белгилей кетсек Кыргызстандын үч жараны учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Алар 2004-жылы туулган А.Р.Т, 1998-жылы туулган О.Т.М., 1988-жылы туулган Д.Э.Д аттуу жарандар. (эркек кишилер).
Кырсыктан кийинки авариялык-куткаруу ишине 97 техника, куткаруучу, дарыгер, психолог, полиция кызматкерлеринен турган жалпы 490 адам жана 10 кинолог тартылган.
Ыкчам маалымат үчүн төмөнкү номерлер
8-7172-55-96-21 жана 8- 7292-31-90-91 иштеп жаткан учуру.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР