Жаңылыктар

25.12.2024 18:28

   Кароолор: 394

КАЗАКСТАНДАГЫ АВИАКЫРСЫК БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Саат 17:00гө карата Казакстан жана Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин маалыматына ылайык, учак кырсыгынан кийин тирүү табылган жарандардын саны 32ге жетти.

Маалым болгондой буга чейин ооруканага 28 жаран жеткирилип, анын ичинен 26 жарандын өздүгү такталган. Калган жарандардын өздүгүн тактоо иши жүрүп жатат.

Баку — Грозный багыты боюнча учуп келе жаткан учак ичинде жалпы 67 жаран болгон.

Учурда Кыргызстандын ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору Казакстан жана Азербайжан мамлекеттеринин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлору менен ойлайн түрдө байланышып, ыкчам маалымат алмашуу жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу