Жаңылыктар
15.12.2023 11:15
Кароолор: 549136
КАЗАКСТАНДА ЖОЛ ТЫГЫНДА КАЛГАН ЖАРАНДАРДЫ КУТКАРУУГА КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫ ЖӨНӨТҮЛДҮ
Алдын ала маалымат боюнча 2023-жылдын 14-декабрь күнү, Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алма-Ата –Ташкент (чакырымы такталууда) унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылган. Алдын ала 112 кызматына келген маалымат боюнча, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган.
Жерине Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.
Жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 39 куткаруучу, 5 оор техника, 1 Ниссан Пикап, 2 кар унаасы (снегоход) жана керектелүүчү шаймандар менен саат 03:05те Ак-Жол чек ара постуна чыгып, саат 08:15те Казакстандын аймагына киришти.
Мындан сырткары Кыргызстан менен Казакстандын республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, жеринде ыктыярчыларга (волонтерлорго) 5 унаа менен тоосколдуксуз айланма каттам уюштурулуп, жарандарды коопсуз жайга эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР