Жаңылыктар
05.09.2024 17:20
Кароолор: 1649
КАЗАКСТАНДА ЖККУнун ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНИН XV ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
5-сентябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин XV жыйыны өттү.
Кыргызстандан Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев башында турган атайы делегация катышты. Мындан тышкары Беларусия, Казакстан, Россия Федерациясы, Таджикстандын өзгөчө кырдаалдар жана кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү ошондой эле ЖККУнун Катчылыгы катышты.
Жыйында 2024-жылга карата кабыл алынган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы пландын аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, ушундай эле план 2025-жылга кабыл алынып, протоколго кол коюлду.
Баса белгилей кетсек, жыйында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин кийинки жыйынына төрагалык кылуу талапкерлиги колдоого алынып, бекитилди. Ага ылайык 2025-жылы кезектеги XVI жыйын Кыргызстанда өтөт.
Жыйындын алкагында мындан тышкары аталган беделдүү уюмга мүчө мамлекеттердин биргелешкен табигый жана техногендик кырсыктарды жоюу боюнча “СКАЛА – 2024” атайы машыгуусу өттү. Машыгууга Кыргызстандын да куткаруучулары катышып, 3-орунду багындырышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР