Жаңылыктар

28.12.2024 10:53

   Кароолор: 805

КАЗАКСТАНДА УЧАК КЫРСЫГЫНАН ЖАБЫРКАГАНДАР МЕКЕНГЕ АЛЫП КЕЛИНЕТ

Бүгүн, 28-декабарда Казакстандын Актау шаарында учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жарандарынан кабар алуу жана жардам көрсөтүү максатында ӨКМдин куткаруучулары, медициналык кызматкерлери жана жабыркаган Асанов Ринаттын бир туугандары учуп барышты.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Азербайжан жана Казакстандын ӨКМи менен биргеликте иш алып барып жатат.

Бүгүн дарыгерлердин консилиумунда жабыркаган жарандарды

мекенге алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Дарыгерлер жабаркагандардын абалдары туруктуу, аны менен катар көзөмөл керек экенин билдирүүдө.

Белгилей кетсек бул иш-чаралар Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Кыргызстандын жарандарын жаңы жылга чейин мекенге алып келүү жана керектүү жардамды көрсөтүү үчүн бардык күч-аракет жумшалат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу