Жаңылыктар
25.12.2024 18:12
Кароолор: 165
КАЗАКСТАНДА САМОЛЁТ КЫРСЫККА УЧУРАДЫ
Казакстан Республикасынын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун алдын ала берген маалыматы боюнча бүгүн, 25-декабрда Астана убактысы менен саат 11:10до Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан “Эмбраер – 190” учагынын экипажы Актау Эл Аралык аэропортунан авариялык кондурууну суранган.
Бирок учак аэропортко 3 чакырым жетпей саат 11:30да авиакырсыкка учураган. Аба кырсыгы катталган тилкеде куткаруу иштерин жүргүзүүгө 52 куткаруучу жана 11 техника тартылган.
Ал эми Азербайжан Республикасынын ӨКМинин алдын ала берген маалыматында учакта 67 адам болгон. Анын ичинде 5 экипаж мүчөсү, Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жараны, Кыргыз Мамлекетинин 3 жараны. Учурда 15 адам ооруканада, анын 5и реанимацияда. Жалпысынан 28 адам жабыр тарткан.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР