Жаңылыктар
25.12.2024 18:27
Кароолор: 558
КАЗАКСТАНДА КАТТАЛГАН УЧАК КЫРСЫГЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
Казакстан Республикасынын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун саат 16:05 берген маалыматына ылайык, учак ичиндеги Кыргыз Республикасынын 2 жараны ооруканага жеткирилген. Такталган маалымат боюнча 1998-жылы туулган О.Т. жана 2004-жылы туулган А.Р. аттуу жарандар. Ал эми калган 1 жаран боюнча тактоо иши жүрүүдө.
Аварияга кабылган учактын ичинде жалпы 67 адам болгон. Анын ичинен 5 экипаж, Азербайжандын 37, Орусияныны 16, Казакстандын 6 жараны болгон. Учурда 28 жаран ооруканага жеткирилген.
Жеринде Казакстандын куткаруучулары тарабынан тиешелүү жумуштар жүрүүдө.
Азыркы тапта Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору Азербайжан, Казакстандык кесиптештери менен онлайн түрдө ыкчам маалымат алмашуу жүргүзүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР