Жаңылыктар

09.02.2024 11:38

   Кароолор: 207

КАЗАКСТАН: УНАА ЖОЛДОГУ АБАЛ БОЮНЧА МААЛЫМАТ!

❗КАЗАКСТАН: УНАА ЖОЛДОГУ АБАЛ БОЮНЧА МААЛЫМАТ!

 

Алдын ала маалымат боюнча унаа жолдо Кыргызстандын 7 жараны Казакстандын Ак-Төбө облусунун Кара-Бутак айылында кар күрткүдө калгандыгы такталган . Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандар менен байланышканда, абалдары жакшы экендигин жана бара жаткан жол техниканын жардамы менен ачылып, Россия Федерациясына багытын улагандыгын билдиришкен.

Учурда башка кыргызстандыктарды тактоо иши жүрүүдө.

Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун алдын ала берген маалыматына ылайык, 8-февраль күнү Казакстандын Актөбө облусунда аба-ырайы кескин өзгөрүлүп, бороондон улам Самара – Шымкент унаа жолу (Богот-Сай айылы менен Ак-Төбө шаарынын ортосу болжол менен 140- чакырым ) кар күрткү пайда болуп, каттам эки тараптуу жабылган.

Алдын ала маалымат боюнча жеринде 1000ге жакын унаалар жолдо турат.

Казакстандын Хромтау райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Хромтау шаарындагы №3 жана №5 орто мектептеринде жылынуучу пункттар ачылып, жолдо калган жарандар тамак-аш менен камсыздалып, жайгаштырылган.

Ошондой эле унаа жолдун 852-чакырымында посттор коюлуп, жылынуучу жайлар уюштурулган.

▪️Айрым айдоочулар эвакуациядан баш тартышууда. Ага карабастан жерине айдоочуларга тамак-аш куткаруучулар тарабынан унааларына чейин жеткирилүүдө.

Учурда Самара – Шымкент унаа жолунун 852- чакырымындагы постто 503 унаа, Ак-Төбө облусунун 7 тилкесиндеги постто жалпы 2775 унаа турат.

Жеринде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана тиешелүү кызматтар тарабынан жолду ачуу иштери жүрүүдө.

✅Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен байланышып, жеринен маалыматты алууда.

▪️9-февраль кечки саат 8ге карата Казакстандын Кара-Бутак айылынан Хромтау шаарына чейин жеңил унааларга жол ачылып, айрым жүк ташуучу унаалар жолдо токтоп турат. Учурда Казавтожол ААКдан 20 техника, 48 кызматкер жана куткаруучулар иш алып барууда.

📹Видео-тасманы учурда Бишкек шаарынан Россия Федерациясына бара жаткан кыргызстандык 7 жарандын бири жиберген. Алардын абалын ӨКМ телефон аркылуу байланышуу менен көзөмөлгө алууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу