Жаңылыктар

29.07.2025 18:35

   Кароолор: 266

КАЗАКСТАН МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН ЧЕКТЕШКЕН АЧЫК АЯНТТА ӨРТ ЧЫКТЫ

Казакстан Республикасынын Жамбыл облусундагы Кыргызстан менен чектешкен ачык аянтта бүгүн, 29-июлда кургак чөптөн өрт чыгып, Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тетин-Сай капчыгайына өткөндүгү тууралуу маалымат түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ түзүлүп, жеринде иш алып барууда.

Тактап айтканда, өрттү өчүрүүгө саат 14:20да Манас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №100 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 23 куткаруучу, райондук мамлекеттик администрациясынан 8 кызматкер тартылды.

Кошумча Бакай-Ата токой чарбасынан 27 адам (анын ичинен 20 адам атчан), 2 МТЗ трактору, 1 УАЗ унаасы тартылган. ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ чыгышты. Ал эми саат 16:16да Талас шаардык №17 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, жалпы 65 адам кошулду. Учурда өрт болгон аймакта ыкчам аракеттерин көрүп жатышат.

ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн болжолдуу аянты 7 гектарды түзөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу