Жаңылыктар

14.09.2026 16:30

   Кароолор: 9

КАЗА БОЛГОН КУТКАРУУЧУ-СУУЧУЛ АСКАРБЕК КАЗЫБЕКОВ «ЭРДИК» ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир катар кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу ӨКМдин кызматкери мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушту.

«Эрдик» ордени менен:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кезмет кызматынын башчысы, подполковник Бусурманкулов Максатбек Турусбекович;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) терең суудагы куткаруучу-суучулдар бекетинин башчысы, лейтенант Казыбеков Аскарбек Акылбекович (көзү өткөндөн кийин).

Аскарбек Казыбеков кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон. Анын мамлекеттик сыйлыгы атасына тапшырылды.

«Ардак» медалы менен:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Чүй району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №24 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн команда башчысы, улук прапорщик Касымов Мирлан Джурсунбекович;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) суучулдар мектебинин окутуучусу Такырбашев Кумар Карагулович сыйланышты.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө, өлкөнүн транспорттук-логистикалык потенциалын өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкыш Айдакеев Алмабек Абышовичке - Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук платформасынын катчылыгынын жетекчиси, деңиз иши жана суу транспорту боюнча экспертке жарыяланды.

Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мамлекеттик сыйлыктарга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкышка татыктуу болгон кызматкерлерди куттуктап, мындан аркы кызматтык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалайт.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу