Жаңылыктар
19.05.2025 11:42
Кароолор: 165
КАТУУ ШАМАЛДАН ЖАБЫРКАГАН ОБЪЕКТТЕР БОЮНЧА АЛДЫН АЛА МААЛЫМАТ
Кечээ, 18-майда катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган аймактарда райондук жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Иликтөөнүн жүрүшүндө кечээки күнгө карата төмөндөгүдөй кырдаалдар түзүлгөнү аныкталды:
Ысык-Көл облусунда:
- Каракол шаары боюнча 5 көп кабаттуу турак үйлөрдүн, 1 турак үйдүн, 1 медициналык окуу жайынын, 1 чарба курулуштун чатырларын учуруп, 1 унаа жабыркаган жана 3 бак кулаган;
- Ак-Суу району: 84 турак үйдүн, 3 мектептин, 3 бала бакчанын, 3 бейтапкананын, 1 машыгуу залынын, 56 чарба курулуштардын чатырларын учуруп, 18 трансформатор жабыркаган жана 113 бак кулаган;
- Жети-Өгүз району: 23 турак үйдүн, 1 кафенин, 4 мектептин, 1 бала бакчанын, 1 салык кызматынын имаратынын, 65 чарба курулушардын чатырларын учуруп, 1 унаа жана 6 трансформатор жабыркаган, 14 бак кулаган;
- Түп району: 2 турак үйдүн, 3 чарба курулушардын чатырларын учуруп, 300 метр электр чубалгылары жабыркаган. 1 унаа жана 6 трансформатор жабыркаган, 14 бак кулаган;
- Тоң району: 5 турак үйдүн, 1 конок үйдүн, 3 чарба курулушардын чатырларын учуруп, 2 бак кулаган;
- Ысык-Көл району: 1 унаа жабыркаган жана 14 бак кулаган;
Жалпы облус боюнча 5 көп кабаттуу турак үй, 217 турак үй, 17 социалдык объект, 127 чарба курулуштар, 3 даана унаа, 26 трансформатор жабыркаган жана 139 бак кулаган.
Ал эми Нарын облусу боюнча:
Нарын райондук Жарандык коргонуу комиссиялары кечээ, 19-майга карата жүргүзгөн тактоо иштеринин натыйжасында төмөндөгү кырдаал түзүлгөн:
- Э.Дайракунов айыл аймагындагы Жерге-Тал айылында 1 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен;
- Дөбөлү айыл аймагынын Кайынды айылында 1 турак үйдүн, Таш-Башат айылында 1 турак үйдүн жана Дөбөлү айылынын сарайдын чатырланын учуруп кеткен;
- Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылында 1 турак үйдүн жана 1 маданият үйүнүн чатырларын учуруп кеткен.
- Мин-Булак айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында 1 турак үйдүн жана 1 сарайдын, Куйбышев айылында 1 турак үйдүн, 1 цехтин, Миң-Булакта 2 турак үйдүн жана 1 сарайдын, Жер-Көчкү айылында 8 турак үйдүн, 8 сарайынын, 5 кампанын, 1 времянканын, 1 бастырманын чатырларын учуруп кеткен жана 1 турак үйдүн сырткы жасалгысы жабыркаган. Оттук айылында 1 сарайдын, Эмгекчил айылында 1 сарайыдын, Лахол айылында 12 турак үйдүн, 2 времянканын, 1 бастырманын, 1 дүкөндүн, 1 гараждын, 11 мал кароосунун, 6 кампанын чатырын учуруп кеткен жана 1 сырткы короодогу дубалын, 1 заборун кулаткан.
- Учкун айыл аймагынын Куланак айылында 1 орто мектептин чатырын учуруп кеткен.
- Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак айылында 1 времянканын, 5 мал короонун, 1 тегирмендин чатырларын учурган.
Жалпы район боюнча 30 турак үй, 43 сарай, 1 маданият үй, 1 дүкөн, 1 мектеп, 5 короо (навес), 7 дубал, 1 цех жабыркаган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 19-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң райондорунун жана Каракол шаарынын, ошондой эле Нарын, Ат-Башы, Кочкор райондук Жарандык коргонуу комиссиялары тартылып, тактоо иштерин улантып жатат. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР