Жаңылыктар

20.05.2025 10:10

   Кароолор: 118

КАТУУ ШАМАЛДАН ЖАБЫРКАГАН ОБЪЕКТИЛЕР БОЮНЧА ЖК КОМИССИЯЛАРЫНЫН 19-МАЙГА КАРАТА МААЛЫМАТЫ

📌Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында 2025-жылдын 18-майында катталган катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган объектилер боюнча райондук, шаардык Жарандык коргонуу комиссиялары кечээ, 19-майга карата жүргүзгөн тактоо иштеринин алдын ала берген маалыматы боюнча төмөндөгү кырдаал түзүлгөн:

📌Ысык-Көл облусу боюнча жалпы: 5 көп кабаттуу турак жай, 154 турак үй, 25 социалдык объект, 171 чарба курулуштар, 5 унаа, 1 трансформатор, 36 электр мамыча, 370 метр электр чубалгылары жабыркаган жана 190 бак кулаган. 7 боз үй, 1 чатыр, 3 гектар кулпунай айдалган жер, 8000 метр интернет чубалгысы жабыркаган.

❗Белгилей кетсек, Тоң, Жети-Өгүз, Түп райондорунда келтирилген материалдык чыгым аныкталып, актылар түзүлгөн. Ал эми Ак-Суу, Ысык-Көл райондорунда жана Каракол шаарында 20-май күнү кошумча тактоо иштери улантылат.

📌Нарын облусу боюнча жалпы: 68 турак үй, 4 социалдык объект, 7 короо, 2 кампа, 93 сарай, 1 дүкөн жабыркаган. Ак-Талаа району боюнча материалдык чыгымдар такталып, акт түзүлдү. Ал эми Кочкор, Нарын райондорунда тактоо иштери улантылууда.

📌19-май күнү Бишкек шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чараларынын натыйжасында жалпы Бишкек шаары боюнча 3 турак үйдүн, 1 бастырманын чатыры жабыркаганы аныкталды. 34 бак кулап, 49 бактын бутактары сынган, 1 унаа жана 3 электр мамычасы жабыркаган. Келтирилген материалдык чыгым аныкталып, акт түзүлдү.

❗Аймактарда Жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин улантып жатышат. Жыйынтыктары боюнча кошумча маалыматтар берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу