Жаңылыктар
02.12.2024 19:00
Кароолор: 316
КАРАКОЛДОГУ ЖАҢЫ УН КОМБИНАТ ЭКИ ОБЛУСТУН МУКТАЖДЫГЫН КАМСЫЗДАЙ АЛАТ
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 30-ноябрда Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна караштуу тегирмен ачылды.
Ачылыш аземине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов баштаган ӨКМдин кызматкерлери жана облус жетекчилиги катышты.
ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервтер фондунун жетечиси Базарбай Мусакбековдун айтымында, тегирмендин кубаттуулугу 60 тоннаны түзүп, Ысык-Көл, Нарын облустарынын калкын 1чи жана 2-сорттогу унга муктаждыгын, ал эми түндүк-түштүк альтернативдик жолу ачылганда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкынын суроо-талабын камсыздай алат.
Ун тартуучу комбинаттын 5, 105 чарчы метрди түзөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР