Жаңылыктар

09.01.2025 16:05

   Кароолор: 446

КАРАКОЛДО ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 2 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн, 9-январь күнү саат 13:56да Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кутманалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринин чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык №15 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрттүн жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында кошумча дагы саат 14:05те 2-күжүрмөн эсеп тартылды.

Куткаруучулардын ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында саат 14:56да өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби жана аянты такталууда, жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу