Жаңылыктар
23.05.2024 09:52
Кароолор: 615
КАРАКОЛ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУСУ БАШТАЛДЫ
Бүгүн саат 7:00дө Каракол шаарынын Жарандык коргонуу тутумунун мамлекеттик тутумдары менен командалык-штабдык машыгуусу башталды.
Ысык-Көл облусунун Жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдык планына ылайык, 22-24-май күндөрү "Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракети" аталышында машыгуусу каралган.
Машыгуунун максаты - аймактагы өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгондо жана ар кандай өзгөчө кырдаалдар катталган учурда Жарандык коргонуу кызматтарынын, күч-каражаттарын даярдыкка келтирүү жана ишти уюштуруу, ошондой эле алардын өз ара аракеттешүүсүн камсыздоо, чалгындоо жана куткаруу иш-чараларын жүргүзүү болуп эсептелинет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР