Жаңылыктар

08.03.2024 09:48

   Кароолор: 779

КАРАКОЛ — ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮНҮ МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮҮ 9-МАРТТА УЛАНАТ

КАРАКОЛ — ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮНҮ МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮҮ 9-МАРТТА УЛАНАТ

 

2024-жылдын 8-март күнү, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Каракол — Эңилчек унаа жолунун кооптуу тилкелеринде кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иши жүрдү.

Аталган унаа жолдун 5 тилкесинде артиллериялык эсеп колдонулуп, жалпы көлөмү болжол менен 416 841 м3 кар көчкү түшүп, анын 18 120 м3 жолго түшкөн.

Унаа жолдун 82-чакырымында N11 Жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер тартылып, жолго түшкөн кар көчкүнү тазалоо иши жүрүүдө.

Саат 17:00дө кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. 9-март күнү 47-чакырымда улантылат.

Каракол — Эңилчек унаа жолунун 38-112 чакырымдарында посттор коюлуп, күзөт уюштурулган. Жеринде ӨКМдин ыкчам тобунун жана Коргоо министрлигинин артиллериялык эсебинин ден-соолугун көзөмөлдөө максатында, тез жардам кызматы тартылган. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу