Жаңылыктар

21.11.2024 15:55

   Кароолор: 633

КАРАКОЛ – ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУНДА АЙДООЧУЛАРДЫ САК БОЛУУГА ҮНДӨШТҮ

ӨКМдин Ак-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери кечээ Ак-Суу райондук РИИБнин Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн тескөөчүлөрү менен биргеликте жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча нускамалоо иштерин жүргүзүштү.

Анда Каракол – Эңилчек унаа жолунун Түргөн тилкесине жакын жерде айдоочуларга жол коопсуздук эрежелерин сактоо жана Чоң-Ашуу ашуусунан өтүүдө кышкы дөңгөлөктөргө өтүү менен дөңгөлөк чынжырчаларын колдонууга чакырышты.

Бул иш-чара Каракол – Эңилчек унаа жолунун катаал шарттарын эске алуу менен жүрүп, жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында айдоочуларга атайы баракчалар таратылып, жолго атайы даярдыкта чыгуу, аба ырайын жана шашылыш билдирүүлөрдү эске алуу сунушталды.

Белгилей кеткен, жыл сайын миңдеген жүргүнчүлөр Каракол – Эңилчек жолу аркылуу Сырт өрөөнүнө каттап, аталган жол өтө маанилүү жана коопту жол болуп эсептелинет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу