Жаңылыктар
17.02.2024 14:03
Кароолор: 613
КАРАКОЛ—ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУНА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮП, УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
17-февралга караган түнү Каракол—Эңилчек унаа жолунун 46-километринде кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо максатында унаа жол 18-февральга чейин убактылуу жабылды.
Жеринде жолду тазалоо максатында жол тейлөө кызматынын атайы техникасы тартылды. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда.
Ал эми ӨКМдин кызматкерлери жана атайы техникасы күчөтүлгөн тартипте нөөмөттө даяр турушат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР