Жаңылыктар
23.01.2025 18:13
Кароолор: 679
КАРАКОЛ – ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
Бүгүн, 23-январь күнү саат 18:00дөн тарта Каракол – Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болуп, айрым тилкелерде күрткү пайда болгондуктан, 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан 26-январга чейин убактылуу жабылды.
Каракол – Эңилчек каттамынын 38-112-чакырым аралыктары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында жабылып, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР