Жаңылыктар
09.01.2025 18:02
Кароолор: 525
КАРАКОЛ – ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун акиминин №2-т тескемесинин негизинде бүгүн, 9-январь күнү Каракол – Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болуп, айрым тилкелерде күрткү пайда болгондуктан жана 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан аталган жол 10-январга чейин убактылуу жабылды.
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112- чакырым аралыктары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында жабылып, учурда N-11 ЖТИ тарабынан жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР